Кара-Суудагы балдардын ден соолукту чыңдоо борборунун жери мамлекетке кайтарылды

13:13, 06 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү текшерүүдө Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тийиштүү 0,24 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Балдардын ден соолукту чыңдоо борборунун жери мамлекетке кайтарылды

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн 0,24 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.