Караколдо экстремисттик материалдарды тараткан киши камакка алынды

12:35, 06 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарынын тургуну социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды тараткандыгы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери интернет-булактарды мониторинг жүргүзүү учурунда «Фейсбук» социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир Аль Ислами» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу белгилерин аныкташкан.

Фото Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы. Караколдо экстремисттик материалдарды тараткан киши кармалды

Текшерүүнүн алкагында аталган материалдарды таркаткан жаран аныкталып, ал Каракол шаарынын тургуну, 1970-жылы туулган А.М. экени болуп чыккан. Шектүү өзүнүн жеке «Фейсбук» баракчасы аркылуу «Turkiston-kg» аталышындагы баракчага таандык «Алтын өндүрүлүүдө, бирок эл жакырчылыкта» деген мазмундагы жарыялоону такраткан.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.