Олимпиада −2026: Оюндардын ачылыш аземин кайдан көрсө болот?

10:05, 06 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-февралда Италияда спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болот.

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи — бул унутулгус шоу, улуттук курамалардын парады жана чоң спорттун башталышы болуп саналат.

Фото Интернеттен алынды. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот

Негизги майрамдык иш-чаралар Миландагы «Сан-Сиро» Олимпиадалык стадионунда өтөт. Бирок, уюштуруучулар бир нече жерлерди колдонууну чечишти. Спортчулардын парады Кортина-д’Ампеццо, Предаццо жана Ливиньодо шаарларында өтөт. Бул спортчулардын ыңгайлуулугу үчүн жасалды, анткени алардын мелдеш тартиби тыгыз болгондуктан, Миланга келе алышпай калат.

Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

6-февралдан 22- февралга чейин созула турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.

Ачылыш салтанатын Утрк Спорт каналынан 6-февралдан 7-февралган караган түнү саат 1:00дө түз эфирде көрө аласыздар.

Фото Утрк спорт. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине 24 саат калды

Эске салсак, Олимпиада оюндарында 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчулар өз бактыларын сынайт.

Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.