Бүгүн Италияда XXV кышкы Олимпиада оюндары башталат

09:00, 06 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Фото

Бүгүн, 6-февралда Италияда спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болот.

22- февралга чейин созула турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.

Бир кылымдан ашык тарыхы бар кышкы Олимпиада биринчи жолу бир өлкөнүн эки шаарында өтөт. Италиядагы Милан менен Кортина-д’ Ампеццодо.

Миланда, жабык аренада өткөрүлүүчү оюндар болсо, Кортинада тоо лыжасы, бобслей, чана менен жарышуу, керлинг, биатлон сыяктуу мелдештер өткөрүлөт.

Олимпиада оюндарында 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчулар өз бактыларын сынайт.

Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.

Эң көп спортчу катышкан өлкөлөр:

  • Эң көбү АКШдан, 233 спортсмен(118и эркектер, 115и аялдар).
  • Канада, 207 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
  • Италия 190 спортсмени менен (100 эркек, 90 аял).
  • Германиядан 184 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
  • Франциядан 156 спортсмен (86сы эркек, 70и аялдар)
  • Япония 120 спортсмени менен баратат (47 эркек, 53ү аялдар)