Бишкектеги айланма жол жээгинде жаш кыздын сөөгү табылды: шектүү кармалды

12:05, 05 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

4-февралда саат 23:04тө Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына шаардын четиндеги айланма жолдун жанынан сөөк табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, зордуктап өлтүрүүнүн белгилери бар аялдын сөөгү табылган.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, маркум 2006-жылы туулган С.Б. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери «изин суутпай» кылмышка шектүү 2004-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды аныктап, үйүнө барган учурда ал өз жанын кыюуга аракет кылып, өзүнө бир нече жолу бычак сайган.

Ага өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң «103» тез жардам кызматы чакырылган.

Учурда Н.А. аттуу жаран медициналык мекемеде кайтарылууда. Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды