08:00, 05 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы Telegram мессенджеринде алдамчылыктын жаңы толкунун аныктады. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышкерлер мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды абдан пайдалуу шарттарда алуу боюнча жардам көрсөтө тургандыгын убада кылган жарнамаларды таратышууда.
Жарандарды алдоо үчүн кылмышкерлер төмөнкү ыкмаларды колдонушат:
Улуттук банк расмий билдиргенине караганда, мындай маалыматтар алдамчылык схемасы болуп саналат. Ошондой эле банк:
Эч качан акча которууну талап кылбайт жана кызматтык күбөлүктөрдү мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт экенин эскертет.
Шек жаралса, маалыматты расмий булактардан текшерүү сунушталат. Эгер алдамчылардан жабыркаган болсоңуз, дароо банктын карталарын блоктоп, укук коргоо органдарына кайрылуу керек.