17:20, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 5-февралда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +11... +16;
Талас жергесинде түнкүсүн −3... +2, күндүз +9... +14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2... +3, күндүз +11... +16;
Нарын аймагында түнкүсүн −15... −20, күндүз −1.. −6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... −6, күндүз +2... +7;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0... +2, күндүз +14... +16 градус.