ӨКМ эскертет: Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

12:50, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын ашууларында, тоолуу райондорунда 5-7-февралда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.