Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Топон» китеби Венгрияда жарык көрдү

12:20, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Топон» аттуу китеби Будапештте венгр тилинде басылып чыкты.

Китепке «Топон» романы, «Күн кармаган бала», «Кашаба» повесттери кирди.

2023-жылы Венгрияда алгач «Жанжаза» романы чыккан. «Жанжаза» романы венгр окурмандар арасында чоң резонанс жараткан. Кыргыз жазуучулар арасынан буга чейин бул өлкөдө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир нече чыгармалары жарык көргөн.

«Венгрия атактуу акын Шандор Петөфинин, өткөн жылы Нобель сыйлыгын алган Краснахоркаи Ласлонунун, менин эң сүйүктүү композиторум Ференц Листин мекени. Адабият менен өнөр Мекени Венгрияда чыгармамдын венгр тилинде жарык көрүшү тек гана мен үчүн эмес, кыргыз улут адабияты үчүн да чоң сыймык деп айтар элем», -деди жазуучу

«Жанжаза» (2023ж), «Топон» жыйнагын да көрүнүктүү венгр котормочусу Жозеф Горетитю которгон.

«Топон» жыйнагынын таанытым кечеси Венгр маданияты жана руханияты борборунда өтө бийик деңгээлде өттү. Кечеге венгр адабиятчылары, коомчулугу, студенттер, адабий ышкыбоздор катышты.