«Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» ЖЧК курулуш компаниясынын директору кармалды

11:33, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

«Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» ЖЧК курулуш компаниясынын директорун алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылды. Анда «Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Х.Р. аттуу жаран 2022-жылдын 13-октябрында Көк-Жар жаңы конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан батир берем деп алдап, арыз ээсинин 18 миң долларын алып, изин жашырып кеткендиги белгиленди.

Фото Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы. «Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» ЖЧК курулуш компаниясынын директору кармалды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 1966-жылы туулган жаран Х.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.