Кыргызстанда салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү башталды

11:15, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өткөрүлөт: 1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырышат.

1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:

  • жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.

Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүүгө тийиш.

 Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.