09:26, 03 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын Коргоо министрлиги альтернативдик кызматтан алынган каражаттар кандайча колдонулуп жатканын түшүндүрдү. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев парламенттин бюджет комитетинде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 миллион сом чогултулган. Бул каражаттар аскер бөлүктөрүндөгү казармаларды жана башка жайларды оңдоого, ошондой эле кызмат шарттарын жана аскердик жайлардын материалдык-техникалык инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат.
Комитеттин жыйынында альтернативдик кызмат үчүн акчалай төгүмдөрдү көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору каралды.
Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешев бул демилгеге каршы чыккан.
Мурда үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн төлөм 18 миң сом, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп таанылган жарандар үчүн 25 миң сом экени кабарланган. Мыйзам долбоорунда бул жарандар үчүн төлөмдү тиешелүүлүгүнө жараша 25 миң жана 50 миң сом өлчөмүндө белгилөө сунушталууда. Ошондой эле, курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга тыюу салган окуусуна ылайык диний уюмга катталган жарандар үчүн төлөмдү 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурдагы төлөм ченемдери 2017-жылы белгиленген жана жаңы төлөм өлчөмдөрүн учурдагы экономикалык өсүштү жана инфляцияны эске алуу менен тууралоо сунушталууда.