11:17, 02 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Нарын облусундагы жергиликтүү медициналык ооруканаларга жыйырма кызматтык унаа берилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилерине ачкычтарды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Камчыбек Ташиев унааларды тапшырып жатып медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болоорун айтты.
Белгилей кетсек, унаалар облустук жана райондук ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Облустук медициналык мекемелерде буга чейин кызматтык унаалардын жетишсиздиги күч болуп, калкка тез жана ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар болуп келген.