10:31, 02 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
2024-жылы өлкөгө 13 млн 348 миңден ашуун көчөт импорттолсо, 2025-жылы 6 млн 863 миң көчөт кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу олуттуу азайууну түзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирип жаткан көчөттөргө фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Көчөттөр жогорку тобокелдиктеги продукция катары толук карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлөт. Алгач документалдык текшерүү жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттардын жана коштоочу документтердин тууралыгы аныкталат. Андан соң лабораториялык үлгүлөр алынып, карантиндик зыяндуу организмдердин бар же жоктугу изилденет. Зарыл болгон учурда залалсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлөт.
Лабораториялык текшерүүлөрдүн алкагында 2024-жылы 8 миңден ашык, ал эми 2025-жылы 3 миңден ашык экспертиза жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы зыянсыздандыруу иштери 156 миң м³ көлөмүндө аткарылып, 2024-жылга салыштырмалуу кыйла өскөн.
Мындан тышкары, ташылып кирүүчү көчөттөр үчүн тиешелүү уруксат кагазынын болушу талап кылынат. Бул документ Кыргызстандын аймагына сортторду жана гибриддерди алып кирүүгө мыйзамдуу уруксат берет.
Ошону менен бирге, республика аймагында пестициддер менен агрохимикаттардын жүгүртүлүшү да катуу көзөмөлгө алынган. Алар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтөт, каттоодон өтпөгөн химиялык каражаттарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган.
Департаменттин негизги максаты — Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин киришинен жана жайылышынан коргоо болуп саналат.