31-январга карата аба ырайы

17:30, 30 января 2026, Бишкек - 24.kg

Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең, 31-январда Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −2... −7, күндүз +2... +7;

Талас жергесинде түнкүсүн −3... −8, күндүз +1... +6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1... −6, күндүз +4... +9;

Нарын аймагында түнкүсүн −14... −19, күндүз −4... −9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3... −8, күндүз +1... +6;

Бишкек шаарында түнкүсүн −4... −6, күндүз +4... +6 градус болот.