15:16, 30 января 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы аскердик-медициналык комплексинин ачылышы болду. Салтанат бүгүн, 30-январдаа президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жаңы Аскердик-медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тейлейт.
Аскердик бейтапкананын курулушунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен камсыздалгандыгын, санарип медициналык технологиялар, жогорку технологиялык хирургия киргизилгендигин баса белгилеп кетейин.
Мындай аракеттин баары медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, дарылануунун мөөнөтүн азайтууга жана бейтаптарды ыкчам-ыкчам реабилитациялоого багытталган», — деди өлкө башчысы.
Ошондой эле президент бул аскердик медициналык кызматтын заман талабына ылайык жаңыланышы менен өздүк курамдын өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жаатында өз милдеттерин так жана таасын аткарарына, ошондой эле чекисттер менен мамлекеттик бийлик институттарына элдин, коомчулуктун ишеними дагы да артаарына бекем ишенерин айтты.
«Жалпы система менен биргеликте бул Аскердик-медициналык кызмат кызматкерлердин ден соолугун чыңдап, саламаттыгын сактап, сүйүктүү Кыргызстаныбызды коргоо ишине өз салымын кошот деген үмүтүм чоң», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, 14 кабаттуу жаңы имарат өз ичине амбулатордук-бейтапкана, стационардык, тез жардам жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкана жана аскердик оорукананы камтыйт.