Чет өлкөлөрдө болжол менен 800 миң кыргызстандык бар

12:19, 30 января 2026, Бишкек - 24.kg

Учурда 798 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу «Элдик» жана «Ала-Тоо» парламенттик топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Ал алардын 532 миңи Орусияда экенин белгиледи.

«Бирок, Орусияда миграция органдарында 341 миң жаран катталган. Калгандарынын статусу белгисиз. Айрымдары транзит менен өтүшөт, башкалары кирип-чыгышат. 2021-2022-жылдары маалыматтар боюнча 700-800 миң адам катталган», — деди министрдин орун басары.

Ал кошумчалагандай, учурда Россия Федерациясынын көзөмөлдөгү адамдардын реестринде 34 миң кыргызстандык калган. Буга чейин бул көрсөткүч 124 миңди түзгөн.