Кытай Кыргызстанга айыл чарба техникаларын чогултуучу завод курууга кызыктар

11:10, 30 января 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Кытайдын айыл чарба техникаларын өндүрүүчү өнөр жай ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Лю Хуанли жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Айыл чарба машиналарын куруу ассоциациясы — айыл чарба техникасы жана айыл чарбасын механизациялоо тармагында иш алып барган ишканаларды, илимий жана билим берүү мекемелерин, изилдөө борборлорун жана башка уюмдарды бириктирген Кытайдагы негизги кесиптик тармактык уюмдардын бири болуп саналат.

Фото Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Кытай айыл чарба техникаларын чогултуучу завод курууга кызыктар

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба техникасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөгө кыргыз тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле ушундай эле көргөзмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү перспективаларын талкуулашты. Кытай тарап мындан тышкары Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарба техникасынын көргөзмөлөрүн өткөрүүчү регионалдык борбор түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле кытай тарап Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултуучу завод курууга кызыкдар экенин билдирди.