Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд доллардан ашты

10:11, 30 января 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Астанадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кудайберген Базарбаев өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун саясатынын жана лидерлигинин аркасында мүмкүн болду.

«Акыркы беш жылда жарандардын жашоосу бир топ жакшырды жана биздин пландарыбыз ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин аркасында бекемделип келе жатат. Алдыда дагы көптөгөн оң натыйжалар күтүлүп жатканына ишенем», — деди ал.

Ал эки тараптуу кызматташтык кеңири багыттарды камтыйт жана аны андан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи.