13:00, 29 января 2026, Бишкек - 24.kg
2025-жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында республикалык бюджеттен бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, төмөнкү каражаттар бөлүндү:
Министрдин орун басары 2026-жылга карата республикалык бюджетте 1 миллиард 66 миллион сом каралганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстандагы 1, 2, 5 жана 7-класстардын окуучулары 12 жылдык окуу планына өтүштү.