12 жылдык окууга өтүү. Үч сабак боюнча окуу китептерин иштеп чыгуучулар тандалды

10:09, 29 января 2026, Бишкек - 24.kg

Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча сынак өткөрдү.

Фото Агартуу министрлиги. Үч сабак боюнча окуу китептерин иштеп чыгуучулар тандалды

Маалыматка ылайык, сынак «Кыргыз тили» (1—12-класстар), «География» жана «Тарых» (7—12-класстар) предметтери боюнча эки этапта уюштурулду.

Биринчи этапта атайын түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын резюмелерин, кесиптик тажрыйбасын, илимий-методикалык эмгектерин жана компетенттүүлүгүн баалады.

Экинчи этапта талапкерлер берилген тапшырманын негизинде иштелип чыккан долбоорлорун офлайн жана онлайн форматта презентациялап, коргошту.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

  • «География» предмети боюнча 10 арыз кабыл алынып, 10 автор тандалды;
  • «Тарых» предмети боюнча 16 арыз кабыл алынып, 8 автор тандалды;
  • «Кыргыз тили» предмети боюнча 24 арыз кабыл алынып, 5 автор тандалып алынды.

Сынактын жыйынтыгына ылайык «Кыргыз тили» предмети боюнча кошумча авторлорду тартуу зарылдыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык программага өтүүгө байланыштуу бир катар сабактар ​​үчүн STEM, математика жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери даярдалган.