ДСУ Нипах вирусунун Индиядан тышкары жайылуу коркунучун баалады

09:25, 29 января 2026, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Орусиядагы кеңсеси РИА Новости агенттигине билдиргендей, учурда Нипах вирусунун Индиядан тышкары жайылуу коркунучу төмөн.

Саламаттыкты сактоо уюму Батыш Бенгалияда катталган эки тастыкталган учуруна байланыштуу кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп жатат.

Уюм Нипахты дүйнөдөгү эң кооптуу вирустардын бири деп атап, ага каршы дары же вакцина жок экендиги н белгиледи. Вирус ысытманы жана энцефалопатияны, мээ клеткаларынын жабыркашын жана өлүмдү пайда кылат.

Нипах жемиш жарганаттары жана чычкандар аркылуу жугат; адамдар, адатта, жуккан жаныбардын шилекейи менен булганган жемиштерди жегенде жуктуруп алышат. Вирус үй жаныбарлары аркылуу да жугушу мүмкүн. Бирок, ал аба аркылуу сейрек жугат жана жуккан адамдардын дене суюктуктары менен түз байланышты талап кылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок экенин билдирген. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы потенциалдуу эпидемиологиялык коркунучтарга тез жооп берүүгө даяр.