09:09, 29 января 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан 185 өлкө менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттары аныкталган жыйынында айтылды.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, өткөн жылдын негизги жетишкендиктерин белгилеп, 2025-жылдын башкы саясий жетишкендиги кыргыз-тажик чек ара маселелерин жөнгө салуу болгонун баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн саны 185ке жетти, Африкада биринчи элчилигибиз ачылды. Жыл ичинде 190 иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишимге жана документке кол коюлду», — деди ал.
Адылбек Касымалиев бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкен күнүнө беш жыл толгонун кошумчалады.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мультимодалдык ташуулар, санариптик логистика жана транспорттук байланыш жаатында практикалык чечимдерди илгерилетүү, шамал, күн энергетикасы жана кичи ГЭСтер тармагындагы долбоорлорду алдыга жылдыруу, ошондой эле масштабдуу туристтик долбоорлорго инвестиция тартууга көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.
«Жогоруда айтылгандардан тышкары, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы жана 2026-жылы Бишкекте өтө турган саммитке даярдык өзгөчө мааниге ээ. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027—2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча ишти улантуусу зарыл», — деди Адылбек Касымалиев жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.