15:32, 28 января 2026, Бишкек - 24.kg
Жайыл районунда баасы дээрлик 106 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект (автобаза) жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн аталган социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды. Кайтарылган объектин базар баасы 105,9 млн сомду түзөт.