10:15, 28 января 2026, Бишкек - 24.kg
Владимир Зеленский аймактарды жана Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн Владимир Путин менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха журналисттерге билдирди.
Ал Орусия, Украина жана АКШнын делегацияларынын катышуусунда Абу-Дабиде өткөн согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу суроого жооп берип жатып, эки негизги маселе чечиле электигин ырастады. Алар аймактар жана Запорожье атомдук электр станциясынын тагдыры болуп саналат.
Орусия Украинанын аскерлерин Донбасстан толугу менен чыгарып кетүүнү талап кылууда, бул талапты Украина кабыл албай жатат. Киев ошондой эле орус аскерлерин Запорожье атомдук электр станциясынан чыгарып кетүүнү талап кылууда. Ал эми АКШ аны Орусия менен биргелешип башкарууну сунуштап жатат.
Андрей Сыбиганын айтымында, Зеленский бул эки маселени талкуулоо үчүн Орусиянын президенти менен жолугушууга даяр.
Орусия, Украина жана АКШнын делегацияларынын катышуусундагы Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр 1-февралда уланат деп күтүлүүдө.