17:10, 27 января 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 28-январда Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5 күндүз 3...8
Таласта түнкүсүн −2...-7 күндүз 1...6
Баткен облусунда түнкүсүн −3...+2 күндүз 2...7
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...+2 күндүз 2...7
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6 күндүз 0...5
Нарында түнкүсүн −15...-20 күндүз −3...-8
Бишкек шаарында түнкүсүн 0...-2°, күндүз 6...8° болот.