14:52, 27 января 2026, Бишкек - 24.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотовдун катышуусунда Кытайдын Heze Peony Development Service Center өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Тараптар анда Кыргызстанда гүл өстүрүү маданиятын, айрыкча пион өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, климаттык шарттардын ылайыктуулугун, кайра иштетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги тууралуу айтылды.
Белгилей кетсек, Heze Peony Development Service Center — Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүүгө адистешкен борбор болуп саналат. Хэцзэ дүйнөдөгү эң ири пион өстүрүү жана кайра иштетүү борбору катары кеңири таанылган.
Аталган борбор агроөнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуранын бир бөлүгү болуп, пион секторун кеңейтүүгө, анын экономикалык жана маданий маанисин жогорулатууга системдүү түрдө иш алып барат.