Жаңы гимн: Жогорку Кеңеш сунушталган үч вариантты тең четке какты

13:09, 27 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде депутаттар мамлекеттик гимн сынагынын экинчи айлампасында үч ырды текст, музыкасы менен чогуу угушту.

Жыйында мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгиледи.

«Гимндерди тажрыйбалуу кесипкөй композиторлор жазат. Ал эми бардык эле композиторлор жаза албайт. Гимн тандоо үчүн бир жыл иштедик. Бир топ адамдар катышты, бирок бир дагы сунуш гимнге окшош болгон жок. Тандалган үч тексттин музыкалары салмактуу болгону менен тексти ага ылайыксыз. Ошондуктан, азыркы гимнибиз буларга салыштырмалуу кыйла салмактуу, аны чоң-чоң акындар жана таланттуу композиторлор жараткан», — деди Чынар Үмөталиева.

Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү үч вариантты тең четке кагып, комиссия мүчөлөрү идеалдуу гимнди табуу үчүн иштей бериши керектигин белгилешти.

Эске салсак, гимнди 2024-жылы өзгөртүү идеясын парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айткан. Кийинчерээк президент бул сунушту колдогон. Кийинчерээк гимнди тандоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Жаңы гимн 2025-жылдын апрелине чейин тандалышы керек деп айтылган.