Ашуулардагы абал: Жол ачык, чектөө жок

11:21, 27 января 2026, Бишкек - 24.kg

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы
Бүгүн, 27- январда эл аралык жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз —Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек-Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп —Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.