Азия Кубогу −2026: Бүгүн Кыргызстандын футзал курамасы Ирак менен беттешет

09:00, 27 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-январда 2026-жылдагы Азия Кубогу Индонезиянын Жакарта шаарында башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футзал боюнча курамасы турнирдеги биринчи матчын бүгүн, саат 14:00дө Ирак курамасына каршы өткөрөт. Түз алып берүү УТРК Спорт жана Kyrgyz Sport TV каналдарында жеткиликтүү болот.

Футзал боюнча Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нуржан Жетыбаев Азия Кубогунун алдында даярдык тууралуу айтып берди.

Жетыбаев «Азия Кубогуна даярбыз деп эсептейм. Биз бир нече окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдүк. Алардын акыркысы акклиматизация жана адаптация максатында Жакартада өттү. Пайдалуу жолдоштук беттештерди өткөрдүк, алардын соңунда жыйынтыктар чыгарылды. Курамыбыздын жарымы жаш оюнчулардан турат, бирок ошого карабастан биздин максат — тайпадан чыгуу жана плей-офф баскычында оюндарды улантуу», — деди

Фото Кыргызстандын футзал ассоциациясы

Турнирдин ырааттамасы:

27-январь, 14:00

Ирак — Кыргызстан

29-январь, 18:00

Индонезия — Кыргызстан

31-январь, 18:00

Кыргызстан — Түштүк Корея