11:32, 26 января 2026, Бишкек - 24.kg
Талас облусунда курулуш реестринде катталбай курулуп жаткан объект аныкталды. Текшерүүдөн кийин компанияга 200 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин Талас аймактык башкармалыгынын инспекторлору Айтматов районундагы Чоң-Кара-Буура айылынын четинде асфальт аралаштыруучу заводду аныкташкан. Объект талап кылынган каттоосуз курулуп жаткан, бирок анын курулушу болжол менен 70 пайызга бүткөрүлгөн жана завод буга чейин эле иштеп жаткан.
Натыйжада натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Гранит Транс Сервис» ЖЧКсына карата 200 миң сом айып салынып, реестрге каттоо боюнча көрсөтмө берилди.
Мындан тышкары, Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда.
Маалымат үчүн: Курулуш реестри — мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объекттеринин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдардын, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин эсебин жүргүзүүгө арналган маалыматтык система.