ЖКнын мурдагы депутаты Шайлообек Атазов абактан тил кат менен бошотулду

09:46, 26 января 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулду. Бул маалыматты анын туугандары тастыкташты.

Атазов жана бир катар саясатчы 2025-жылдын ноябрь айында массалык башаламандык даярдоого шектелип кармалган.

Фото Архивден алынды

Мурда парламенттин дагы бир мурдагы мүчөсү Кубанычбек Кадыров камактан бошотулганы кабарланган.