Энергетиктерге 145,8 миллион сомдук жаңы атайын техникалар тапшырылды

14:21, 23 января 2026, Бишкек - 24.kg

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине энергетика тармагын модернизациялоо программасынын алкагында сатылып алынган атайын унаалардын жаңы партиясынын ачкычтарын тапшырды.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планына ылайык, JAC—T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON—388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле «Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC—N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа сатып алынган.

Жалпы 37 бирдик атайын автотранспорт каражатынын суммасы 145,8 млн сом.

 Минкаб төрагасы энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясы боюнча координалдуу курулуштар жүргүзүлүп жана ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
«Кыргызстандын энергетика тармагы жылдан жылга жакшырууда, техникалык жактан да күчтөнүп, гидрокубаттуулуктар жаңыланууда. ГЭСтер модернизацияланып, агрегаттары алмаштырылып, иштөө өмүрү узарууда. Бул сиздердин эмгек. Акыркы жылдары жүздөгөн атайын жана кызматтык техникаларды сатып алып жатабыз. Энергетикадагы жакшы иштер улантылат деп ишенем. Бүгүн да сиздерге жаңы техникаларды тапшырдык. Бул техникалар элибизге, мамлекетке кызмат кылсын», — деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынган.