Улуттук кардиология борборлорунун жетекчилери дайындалды

13:45, 23 января 2026, Бишкек - 24.kg

Эки улуттук кардиология борборунун кызматкерлерине жаңы жетекчилер тааныштырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси болуп Талант Эралиев, ал эми Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору болуп Шейшенов Жалил Орозобекович дайындалды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
«Жүрөктү дарылоо системасы үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштеши керек. Буга чейин аныкталган бир катар көйгөйлөр башкаруу чечимдеринин зарылдыгын көрсөттү. Биз жаңы команда тартипти, процессти уюштурууну жана татыктуу клиникалык натыйжаларды камсыз кылат деп күтөбүз», — деди тааныштыруу учурунда министрдин биринчи орун басары Айбек Маткеримов.

Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Эралиев Талант Каканович

Эралиев Талант Каканович 1987-жылы туулган.

Ал 2011-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарынын С.М. Киров атындагы Аскердик-медициналык академиясынын «Дарылоо иши» адистиги боюнча бүтүргөн.

2011-2012-жылдары «Хирургия» адистиги боюнча интернатурасын өтүп, 2012-жылы Казакстандын Алматы шаарында «SEMA» медициналык борборунда интервенциялык кардиология боюнча баштапкы квалификация курсунан өткөн.

2012-2014-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүнүн ага ординатору болуп эмгек жолун баштаган.

2013-2014-жылдары Ош шаарындагы «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда интервенциялык кардиолог дарыгери болуп айкалаштырып иштеген.

2016-2022-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарындагы «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери, Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын эндоваскулярдык хирург дарыгери болуп эмгектенген.

2019-2023-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталынын медициналык кызматтын начальниги — госпиталдын начальнигинин орун басары кызматын аркалаган.

2022-2023-жылдары Ош шаарындагы «EUROCLINIC» медициналык борбордун рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери болуп болуп айкалаштырып иштеген.

2022-жылдан тартып 2026-жылдын январь айына чейин Ош шаарындагы «Кыргызстан-Россия клиникасында» рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери болуп иштеп келген.

Медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасы Россиянын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу академик Е.Н. Мешалкин атындагы Новосибирск илимий-изилдөө патологиялык кан айлануу институтунда ыйгарылган.

«Кыргыз рентгенэндоваскулярдык хирургдар илимий-медициналык коомунун» төрагасы.

Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Жалил Шейшенов

Жалил Шейшенов 1975-жылы туулган.

Ал 1999-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Дарылоо иши» адистигин аяктаган.

1999-2002-жылдары Улуттук кардиология жана терапия борборунун илимий-билим берүү борборунун жүрөк-кан тамыр хирургиясы адистиги боюнча клиникалык ординатурасын бүтүрүп, 2002-2007-жылдары Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун жүрөктүн пайда болгон кемтиктери бөлүмүнүн кардиохирург дарыгери болуп эмгек жолун баштаган.

2007-жылдан тартып 2021-жылга чейин Казакстандын Тараз шаарынын Кардиохирургия жана трансплантология боюнча илимий-клиникалык борборунун Кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы, 2021-2023-жылдары ушул эле борбордо дарылоо иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

2023-жылдан 2026-жылдын январь айына чейин «Бишкек Кардио» илимий-клиникалык борборунун башкы дарыгери болуп эмгектенип келген.

2012-жылы Россиянын Жогорку аттестациялык комиссиясында медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактаган, 4 инновациялык патенттин, 40тан ашык илимий макаланын, Эл аралык конференцияларда 12 илимий баяндаманын автору.

2010-2023-жылдары Казакстандын Жамбыл облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын кардиохирургия боюнча башкы адиси, ошондой эле көз карандысыз эксперти болуп эмгектенген. EACTS (European Association for Cardio-Thoracic Surgery), EAACTS (Euro-Asian Association of Cardiothoracic Surgeons) илимий коомдорунун мүчөсү.

Жалил Шейшеновдун жүрөк хирургиясынын негизги багыттары:

Тубаса жүрөк кемтиктеринин хирургиясы, мини-инвазивдүү кардиохирургия. Ошондой эле баштапкы деңгээлдеги дарыгерлер менен уюштуруучулук-методикалык иштерди жүргүзүү, санавиация жана телемедицина аркылуу консультацияларды берүү менен көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары, «Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.