10:42, 23 января 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында оор жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан, унаа жолдон чыгып, даракка урунган. Кырсыктан бир аял каза болгон. Дагы эки аял жана бир жашы жете элек кыз жаракат алган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.
Жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталууда.