11:55, 22 января 2026, Бишкек - 24.kg
Улуттук илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды.
Учурда мамлекеттик каттоо органдарында тиешелүү жол-жоболор аяктап, аталган жер тилкеси баштапкы максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына толугу менен өткөрүлдү.
УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген Улуттук илимдер академиясынын башка мүлктөрүн аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.