№ 13 шайлоо округундан кайра шайлоого он алты талапкер арыз берди

11:25, 22 января 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы № 13 шайлоо округунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн он алты талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович — «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович — убактылуу иштебейт;
  • Асанов Уланбек Жалалович — «Эмитент виртуальных актиыдери» ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы;
  • Асамудинов Бактыбек Асанович — жактоочу;
  • Калматов Токторали Калдарович — жеке ишкер;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович — Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси;
  • Матсаков Кадырбек Мусаевич — жеке адвокат;
  • Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна — Түштүк региону боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы;
  • Мацаков Бакыт Калбаевич — «БОУЛ» ЖЧКнын директору;
  • Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович — убактылуу иштебейт;
  • Базаркулова Нурсыйда Манасовна — Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими;
  • Чомоев Алмазбек Алтынбекович — жеке ишкер;
  • Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович — Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси;
  • Мансуралыев Залкарбек Медетбекович — «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, юрист;
  • Исраилжан уулу Өсөрбек — Убактылуу иштебейт;
  • Койчуманова Нуркан Кадыровна — Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.