10:30, 22 января 2026, Бишкек - 24.kg
Тимур Айдаралы режиссерлук кылган «Кош» аттуу кыргыз драмасы Бишкекте көрсөтүүгө чыкты.
Азирет таланттуу архитектор. Үй-бүлөсүн багуу үчүн ал асман тиреген имараттардын чиймелерин көрүстөн казуучунун күрөгүнө алмаштырууга аргасыз болот. Азирет кайненесинин катаал ультиматумуна туш болот: же «чыныгы» жумуш табуу, же аялы менен баласынан айрылуу. Азирет башкалардын мүрзөлөрүн казуудан баштап, кыялданган үйүн кура алабы? Акча баарынан маанилүү болгон дүйнөдө ийгиликтин баасы канча?
Режиссер: Тимур Айдарали.
Жанр: комедия, драма.
Тили: кыргыз (орусча субтитрлер).
Актёрлор: Даниел Ниязов, Нурсейит Төлөгөнов, Айгерим Уразбаева, Сапина Көгөева.