Дүйнөлүк хоккей чемпионаты (U-20): Кыргызстан командасы Иранды жеңди

07:45, 22 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты, 3В дивизиону уланууда. Бул тууралуу спорт федерациясы билдирди.

Кыргызстан командасы үчүнчү турда ирандык кесиптештерин 15-1 эсебинде жеңди.

Голдорду Алихан Али-Аскаров (4), Умар Эгембердиев (3), Егор Лещенко (3), Умар Усенов, Баяман Жолдошбеков, Шер Шамшыбеков, Элмир Уранкаев жана Дмитрий Шумаков киргизди.

Алихан Али-Аскаров беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.

Буга чейин кыргыз командасы Гонконг (4-1) жана Түштүк Африка (7-2) командаларын жеңип, учурда турнирдик таблицада биринчи орунда турат.

Чемпиондук наам жана 3А дивизионундагы орун үчүн Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг командалары ат салышууда.

22-январда кыргыз командасы Люксембург менен беттешет.