Орунтаев курулуш адистеринин 500 миң сомго чейин айлыктын чоо-жайын түшүндүрдү

12:15, 21 января 2026, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигиндеги айлык акынын деңгээли боюнча талкуу күчөдү. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев бул кырдаалга расмий түрдө жооп берди.

Анын айтымында, министрликтин бардык бөлүмдөрү өзүн-өзү каржылоо негизинде иштейт. Бул кызматкерлердин эмгек акысына түздөн-түз таасир этет. Орточо айлык акы болжол менен 150 миң сомду түзөт, бирок айрым бөлүмдөрдө айлык акы 500 миңге сомго жетет.

Министр чоң жана татаал обьектилердин долбоордук документтерин карап чыгууга жооптуу адистер — архитекторлор, инженерлер, дизайнерлер жана куруучулар жөнүндө айтып жатканын түшүндүрдү.

" Тагыраак айтканда, ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Биздин кызматкерлер рынокто суроо-талапка ээ болгон адистер. Тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Тиешелүү профилдеги адистер бизге келип иштеңиздер", — деп түшүндүрдү ал.