Жогорку Кеңеште филармониянын жаңы, заманбап имаратын куруу сунушталды

11:36, 21 января 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште филармониянын жаңы имаратын куруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бактияр Калпаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет учурда көптөгөн имараттарды, анын ичинде жаңы ак үй, жаңы стадионду куруп жатат.

«Бирок биз маданий жайларга да көңүл бурушубуз керек. Бишкек шаарына жаңы, заманбап, эл аралык деңгээлдеги Филармониянын имаратын курууга убакыт келди деп эсептейм. Бул имаратта бардык маанилүү мамлекеттик иш-чаралар өткөрүлүп тургандыктан, бул улуттун руху, маданиятка болгон урматтоо болмок», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, президент жакында эле Бишкек шаарынын мэрине Спорт сарайын оңдоп-түзөөнү тапшырды.