Коюу тумандан улам «Манас» аба майданында үч каттам токтотулду

10:59, 21 января 2026, Бишкек - 24.kg

Фото

«Манас» эл аралык аэропортунда аба ырайынын начар шарттарынан улам каттамдар кечигип жатканын «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кечигүүдө:

  • Анталия;
  • Казань;
  • Шарм-эль-Шейх.

Аэропорттун аймагында көрүү мүмкүнчүлүгү мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдар кармалышы мүмкүн.

Жүргүнчүлөргө учуулардын тактап, маалыматтардын жаңылануусун байкап туруу сунушталат.

Эскерте кетсек, аэропортко жаңы 2-категориядагы жарыктандыруу системасы орнотулду.

3-категориядагы жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат, бирок жагымсыз аба ырайында конуу боюнча акыркы чечим ар дайым учактын экипажына таандык.