10:34, 21 января 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Кыргызстан менен Казакстанда иштеген веб-камера студияларынын тармагын уюштурган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Уюшкан топтун мүчөлөрү жашыруун маалыматты сактоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып жашагандыгы аныкталган. Кармалгандардын бардык турак жай даректеринде шашылыш тинтүү иштери жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык костюм жана атрибуттар, сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган буюмдар табылып, алынган.
Мындан тышкары, аталган адамдардын тобу негизинен вебкам кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларда, тактап айтканда, «Chaturbate» (CB), «Stripchat» (strip) жана «BongaCams» аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, ал жерден кылмыштуу кирешелер алардын «Binance» крипто капчыктарына которулган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.