Кыргызстанга 21,5 миң тонна минералдык жер семирткич алып келинди

11:30, 20 января 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди ташып келүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна жер семирткич талап кылынат.

Анын ичинде:

  • азоттук жер семирткичтер — 96,2 миң тонна (2026-жылдын жазгы талаа иштерине керектелүүчү көлөм);
  • фосфордук — 71,5 миң тонна;
  • калийдик — 15,2 миң тонна.

2026-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташып келинип, бүгүнкү күндө жеке компаниялардын сатуу кампаларында жалпы 19,2 миң тонна минералдык жер семирткич бар.

Өлкө аймагына кирип жаткан жер семирткичтер (авто жана темир жол) Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.