Ашуулардагы абал айтылды: Жол ачык, каттам бар

11:40, 19 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 11:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

«Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.