Кыргызстандын футзал курамасы жолдоштук беттеште Сауд Арабиясына утулуп калды

08:30, 19 января 2026, Бишкек - 24.kg

Индонезиянын Жакарта шаарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Сауд Арабиясына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футзал ассоциациясы билдирди.

Беттеш 1-3 эсебинде аяктады. Голду Данияр Талайбеков киргизди.

16-январда биздин оюнчулар Тажикстанды 4-2 эсебинде жеңишти.

Кыргызстандын курама командасы 27-январда Индонезияда баштала турган Азия Кубогунун финалдык этабына даярданып жатат. Алар Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея менен бир топко киришти.