Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы 1,5 сомго арзандады

12:31, 16 января 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 1-1,5 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын декабрь айынын аягында россиялык мунай иштетүүчү заводдор мезгилдик арзандатууларды кылышат.

«Быйыл да декабрь айынын аягында күйүүчү-майлоочу майга болгон дүң баалар бир аз арзандады. Ошого жараша биздин кээ бир компаниялар келишимдерди түзүп кандайдыр бир көлөмдөрдү сатып алды. Бүгүнкү күндө ошол көлөмдөр Кыргызстанга келип, кээ бир май куюучу станцияларда 1 сомдон, кээ биринде андан да көбүрөөк арзандатуу болууда», -деди Эшатов.

Ассоциациянын өкүлү жакында жаңы баалар коюларын, ошондуктан өлкө ичиндеги күйүүчү майдын мындан аркы баасын так айтуу кыйын экенин кошумчалады.

«Россияда жайгашкан заводдор бүгүндөн тартып ишин баштады. Алар бизге берген дүң бааларга жараша мындан ары баа кандай калыптанары белгилүү болот. Кандай баа болсо, ошого жараша Кыргызстанда чекене баалар аныкталат», — дейт ал.