11:40, 16 января 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында азык-түлүк товарларына, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы № 140 буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) карата убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Свердловск, Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары монополияга каршы кызматтын, ветеринардык кызматтын, салык органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы базарларда жана чекене соода түйүндөрүндө үзгүлтүксүз рейддерди жана мониторинг иш-чараларын өткөрүп турушат.
Көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө ишкерлерге жана сатуучуларга эт азыктарынын баасын негизсиз көтөрүүгө жол берилбестиги, ошондой эле белгиленген бааларды так сактоо талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон жогору болбошу керектигине көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, «Ош базарында» эт продукциясын дүңүнөн сатуу токтотулган. Ушуга байланыштуу «Алтын-Така» мал базарынын аймагында санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берген Чүйгүн аттуу жаңы эт павильону ишке киргизилди. Учурда этти дүңүнөн сатуу ушул павильондо жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, бул аймакта жайгашкан Таза адал эт чекене павильонунда жарандар сапаттуу жана коопсуз эт азыктарын чекене баада сатып ала алышат.
Эт азыктарынын бааларына көзөмөл жүргүзүү жана рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.