17:15, 14 января 2026, Бишкек - 24.kg
Өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Кыргызгидромет кызматы билдиришкендей, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас
өрөөндөрүндө түнкүсүн −9...-14°, күндүз −1...-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын
өрөөндөрүндө түнкүсүн −2...-7° суукка чейин, күндүз −2° суктан...+3° жылуулукка чейин,
тоо этектеринде түнкүсүн −11...-16°, күндүз −2...-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн
-7...-12° суукка чейин, күндүз −4° сууктан...+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун
дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн −23...-28°, күндүз
-9...-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −26...-31°, күндүз −9...-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −30...-35°, күндүз −11...-16° суукка чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин
кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.