Бишкек — Ош жолунда мазут ташыган унаа оодарылып кетти
15:05, 14 января 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек — Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түштүк» ишканасынан билдиришти.
Бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.
Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Бишкек — Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылды
Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.